Новая литература Кыргызстана© Бектурганова К. Бардык укуктар корголгон© Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2. Бардык укуктар корголгон. Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган. Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес.
- Мисалы, эркек балага Жантай, Дастан, Барсбек, кыздарга Арууке, Курманжан деген сыяктуу. Канымда Манастын каны жүгүрүп тургандан кийин таза кыргызча ат коюшум керек..
- Turmush - Ислам дининде эски салт боюнча мусулман балага, төрөлгөндөн бир аптадан кийин чыныгы мусулман ысымы ыйгарылшы керек. Ата-энеге өз ымыркайына бир нече ат коюуга..
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2. Загрузка произведения.
Подождите, пожалуйста.«Кыргызстандын асыл кыздары» — көчмөндүктөн азыркы күнгө чейинки кыргыз турмушунун бардык чөйрөсүндөгү аялдардын ролу жана мааниси жөнүндө китеп. Мифтердеги, дастандардагы, «Манас» эпосундагы Каныкейдин, Сайкалдын жана ар кайсы муундагы аялдардын кайталангыс образдарында баатырдык, акылмандык, ишкердик, өз эли- жерине чексиз берилгендик айкын көрүнөт. Китеп гендердик өнүгүү маселелери боюнча жана «Адеп» сабагын окуткан жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдерине, башталгыч жана орто кесипчилик билим берүү, жогорку окуу жайларынын окутуучуларына жана окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат. Бектурганова Күлбүбү Арыковна.
Кыргызстандын асыл кыздары. Сүрөтчүсү А. Касымалиев. Б.: Мамл. тил ж- а энциклопедия борбору, 2. УДК 3. 96. ББК 6.
Мага нукура кыргызча озгочо кыздардын ысымы керек эле. Болушуп койсонуздар.. Суроо: Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын көп ысымыбар деп уккан болчумун. Алар кайсылар?ЖоопМухаммедалейхиссаламдын төрт жүзгө жакын ысымы. Кыз балдардын аттарынын алфавиттик тизими. Ааламгүл, Аалкан. Абабүбү, Абагүл, Абажан, Абаз, Абазбүбү, Абазгүл, Абазкан, Абайбүбү, Абайгүл, .
Б- 4. 2ISBN 9. 96. Рецензенттер: Тарых илимдеринин доктору, профессор Э.
Ж. Маанаев. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер К. Кыргыз билим берүү академиясынын Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу борборунун директору С. Иптаров. Консультант: Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери, КР УИАнын «Манас» бөлүмүнүн башчысы Самар Мусаев. МАЗМУНУКИРИШ СӨЗI Бап. Аялдардын мифтик образы. Умай эне. Томирис. Каныкей — Манастын жаншериги.
Кыргызча Кыздардын Аттары Мааниси Менен Мусулманча
Айжамалдуу Айчүрөк. Кыз Сайкал — Баатыр кыз. Эр жүрөк Жаңыл мырза. II Бап. XIX кылымдагы кыргыз элинин атактуу кыздары. Жаркынайым. Курманжан датка. III Бап. Мамлекеттик жана коомдук ишмерлер. Айтматова Нагима.
Баекова Чолпон. Бегматова Сакин. Ибрагимова Галия. Калыкова Равия. Каржаева Сабира. Кондучалова Күлүйпа. Кыдырбаева Фатима. Мырзалиева Анипа.
Отунбаева Роза. Осмонова Турсун. Салиева Батыш. Салиева Уркуя. Саякбаева Канышай.
Ташибекова Жамал. Телтаева Сабира. Туганбаева Мария. Түмөнбаева Жаңыл. Шералиева Сагын. IV Бап. Аялдар экономика чөйрөсүндөАйткулова Айнек. Алдашева Шакира. Атабекова Өлмөсхан.
Байбаракова Загый. Балбакова Сындат. Кайназарова Зууракан. Ногоева СаадатӨмүрова Аписа.
Сагымбаева Телегей. Сулайманова Күлсара. Суранова КүмүшҮмөтова ГүлбараҮтүрова Бүбүкан. Шопокова КеримбүбүЮматова Анна Тихоновна. V Бап. Маданият жана искусство ишмерлери. Абылкасымова Майрамкан.
Адышева Тенти. Антипина Клавдия Ивановна. Арсыгулова Жумакалый. Асанова Динара. Балтабаева Тамара. Бейшеналиева Бүбүсара. Жетикашкаева Нуркамал.
Карасаева Айша. Кийизбаева Сайра. Козубекова Мейликан.
Күйүкова Даркүл. Күмүшалиева Сабира. Кыдыкеева Бакен. Мадварова Римма. Мадемилова КүлбүбүМамбетсеитова Зинаида. Мамуралиева Фатима.
Мануилова Ольга Максимилиановна. Токтахунова СамарбүбүТурсунбаева ТаттыбүбүЫсманова Кеңешкан. VI Бап. Илим жана билим берүү ишмерлери. Абдуазизова Нарпаша. Айдарбекова Рафа. Арыстанова Светлана.
Ачылова Рахат. Бектурганова Карима. Болжурова Ишенгүл. Жээнчороева Розалия.
Клыпина Тамара Павловна. Лущихина Евгения Михайловна.
Мамбеталиева Какен. Мамбеталиева Гүлмира. Мусаева Жумагүл. Орузбаева Бүбүйна. Пасько Евдокия Борисовна. Рыскулова Какиш. Сагынбаева Урияпса. Султашева Майя, Урманбетова Жылдыз.
Токтомамбетова Күлипа«. Бул дүйнөдөгүнүн баары — байлык, бирок баарынан баалуусу — аял»Улуу Мухаммед Пайгамбар. КИРИШ СӨЗ«Кыргызстандын асыл кыздары» кошумча окуу куралынын негизин байыркы көчмөн доордон баштап, XXI кылымга чейинки кыргыз элинин көрүнүктүү кыздарынын коомдогу ордуна, ролуна, тарыхый окуяларга болгон катышына баа берүүчү ачык- айкын баяндоолор түзөт. Байыртадан аялдардын үйдөгү, коомдогу ордуна зор маани берилүү менен өзгөчө энелер тууралуу керемет асыл нускалар жаралган. Алсак, «Эне сүтү бой өстүрөт, эне тили ой өстүрөт», «Эненин баскан жери бейиш» деп төгүн жерден айтылбаса керек. Аялдарга ыйыктык, кеңпейилдик, айкөлдүк, сулуулук сапаттар таандык болуу менен элибизде Умай- Эне, Жер- Эне, ал эми тилибизди Эненин тили деп аташкан.
Белгилүү тарыхчы- илимпоз Л. Н. Гумилев өзүнүн «Байыркы түрктөр» аттуу китебинде мындай деп жазган: «Байыртадан аялдарга болгон мамиле өзүнчө ызаат көрсөтүүнүн үлгүсү болгон. Уулу боз үйгө киргенде эң алгач энесине баш ийкеп, анан атасына таазим кылган».
Элдик оозеки чыгармачылыктан, тарыхтан Тумар падыша (Томирис), акылгөй Каныкей, Кыз Сайкал, эр жүрөк, намыскөй Жаңыл Мырза, акыл менен журт башкарып, эл биримдигин ойлогон кеменгер Курманжан Датка, сулуулуктун символу болгон Айчүрөк ж. Курманжан датка XIX- XX кылымдардагы Борбордук Азия аялдарынын символу болуп калды. Эрки темирдей бекем, бир мүнөз, акылы терең жана тунук бул адам бүтүндөй бир дубандын башында туруп, өтө катаал тагдырга туш келүү менен бардык кыйынчылыктарга чыдап, кыргыз аялы эмнеге жөндөмдүү экендигин Кокон хандыгына, дегеле бүтүндөй Орто Азия элдерине, андан тышкары Россия империясынын бийлик төбөлдөрүнө чейин билгизди. Китепти окуп жатканда аялдардын жашоо- турмушу, эл менен бирге баскан жолдору, учурдагы жана келечектеги ой- максаттары окурмандын көз алдына тартылат. Ушул ар бир каармандын өмүрүнө улуу окуялардын мезгили, атап айтканда Октябрь революциясы, эл чарбасын коллективдештирүү жана индустриялаштыруу жылдары, Улуу Ата Мекендик согуш, беш жылдыктар жана эгемендүү Кыргыз Республикасынын ирденүү жылдары кайталангыс белги калтырды. Булар — балдардын келечеги үчүн жаркыраган заманды курууга белсенген, бардык кыйынчылыктардын сыноосунан өтүү менен өздөрү да таанылгыс болуп өзгөрүшкөн, идеялык ишенимди жана турмуштук зор күч- кубатты, маданиятты, илим- билимди боюна топтогон жана аларды күнүмдүк турмушта колдоно билген, өз элинин патриоттору жана ынанган интернационалисттер. Китептин каармандарынын башкы жана бийик максаты — Энее болуу.
Бул Аял—Энеге, балдарды төрөгөн, тарбиялаган жана чексиз сүйгөн Энеге, үй- бүлөнүн түбөлүк кутуна, Ыйык энеге Гимн. Энеликти жана баланы коргоо, балдарга кайрымдуулук сыяктуу эң асыл иштерди аркалап келүүсү ар бир окуучуну жакшы иштерге гана үндөйт деген ойдомун. Окуу куралына кирген элибиздин асыл кыздары жөнүндөгү материалдар мугалимдерге жана окуучуларга ылайыкталып жазылды. Демек, бул окуу куралы биздин келечегибиз болгон жаш муундарды адептүүлүккө, маданияттуулукка, ыймандуулукка, ата- мураска аяр мамиле кылууга, үйбүлөнү барктоого, эли- жерин сүйүүгө тарбиялап, алардын атуулдук сезимдерин ойготууга салым кошот деген тилектемин. Автор. I БАП. АЯЛДАРДЫН МИФТЕГИ ОБРАЗЫЭл дүйнөлүк маданий прогресстен алыс калган шооласыз караңгылыктын доорунда аялзаты ушунча бийик, татыктуу баалангандыгына, анын акылы, аруулугу, камбылдыгы менен кайраттуулугу чагылдырылган көркөм полотнону карап туруп таң калбай, суктанбай, тайманбай коюуга мүмкүн эмес. Чыңгыз Айтматов. УМАЙ- ЭНЕБайыркы кыргыздар табияттын төрт стихиясына: Асманга, Жерге, Отко, Сууга сыйынышкан.
Асман эркектин башталышы деп эсептелип, зор Буканын, а Жер болсо — аялдын образын билдирчү. Асманга табынуу Күнгө табынуудан улам келип чыккан. Байыркы шумерлер Күн Кудайын — Дингир, моңголдор — Тенгир, көк түрктөр жана кыргыздар — Теңир дешкен. Көк Теңир — Түбөлүк Көк Асманды билдирген. Ал өзүнө бардык астралдык түшүнүктөрдү камтып, «Аалам», «Дүйнө» деген түшүнүккө туура келген. Умай — мифтик зат.
Ал көптөгөн элдердин фольклорунда, уламыштарында, санжырасында кенен чагылдырылган. Ошентип Азияда бир нече миңдеген жылдар бою рухтун Кудайы — Умай айтылып келатат. Энелердин энеси улуу Умай- Эне мааниси жагынан Көк Теңирден кийинки экинчи Кудай болуп саналган. Ал кош бойлуу аялзатынын, тукум улоочулуктун, коломтонун, түшүмдүн колдоочусу болуу менен Тенгринин зайыбы деп эсептелчү. Кээде Умайды адамзаттын Тоораттагы баштапкы энеси Ева менен бир карап жүрүшөт.
Умай — байыркы ирандык Анахитенин, вавилондук Иштардын, грек Кибеланын, сириялык Дерекитенин сиңдиси. Байыркы сүрөтчү Улуу Кудай Умайдын сөлөкөтүн атактуу кудыргый ташына түшүрүптүр, бирок таш жоголуп, графикалык сөлөкөт сакталып кала берген. Саян- Алтай тоолорунун байыркы көчмөндөрү Умайга, жоокерлердин колдоочусу катары Оттун Кудайына — От- Энеге сыйынышкан. Умай деген ат 6 — 7- кылымдардагы руна жазууларда эскерилет.
Байыркы түрк тилинде «умай» — баланын тону, эненин жатыны. Тибетче «ума» — эне. Монголчо «курсак» деген маанини билдирет. Волга боюндагы татарларда да «ума» — «курсак» деген маанини берет. Мына ушул түшүнүктүн баары аялзатынын тукум улоочу касиети менен байланышкан.
Кыргыз тилинде «умай» жомоктогу асманда уялаган сыйкырлуу кушту билгизет. Ал перстердин дүйнөлүк даракта байырлаган кушту билгизген хума деген сөзүнөн ооп кирген. Умай Кудай түшүнүгү качандыр бир кезде байыркы жалпы адамзаттык мотив менен—бардык жандууну жаратуучу тукумчулдуктун, түшүмдүүлүктүн символу болгон асманда обологон куш менен байланышкан болуу керек. Кыргыздарда Умай- Эне — Кудай Эне. Кыргыздар аны байыртадан бери ыйык тутат.
Кыргыздар Умай Энеге тээ б. Кыргыз эли эрки күчтүү, мүнөзү катуу, иш билги жана акылман аялзатын Умай Энеге теңешкен. Улуу Нооруз майрамында Умай Энени оозанып, ыр менен бата тилешкен. Касиеттүү деп эсептешкен мазарларды Умай Эненин мазары дешип, катуу ооруганда, Кудайдан бала тилегенде, Умайдын аты менен сыйынышкан. Балдарын сапарга узаткан ата- эне: «Умай Энеге тапшырдым» деп, бүбү- бакшылар, эмчи – домчулар наристелер сыркоологондо: «Эмчилер өткөн, эми бизге калган, домчулар өткөн, дому бизге калган. Менин колум эмес, Умай энемдин колу, менин дарым эмес, Умай Эненин дарысы» деп дарымдашып- эмдешкен. Ата- энелер эрте жазда келген жаз жарчысы карлыгачтарды балдарына таш менен ургузбай, кайра уя салгыла дешкен, байыркы түшүнүк боюнча карлыгачтар Умай Эненин жакшылыкка жиберген кабарчысы.
Наристелердин жана үйбүлөнүн очогунун колдоочусу катары Умай Энени ыйык тутуу Саян- алтайлык шаманчылыкты карманган элдердин жана Борбор Азиядагы мусулман элдердин аң- сезимине терең кирген. Байыркы ырым- жырым боюнча бала бойго бүткөн күндөн тартып курсактагы наристе менен анын энеси Умай Эненин көзөмөлүндө болот имиш.
Кыргыз ысымдары жөнүндө кепти улап… Чолпон, Венера. Окшош маанилүү ысымдар Чолпон жана Венера деген аттардын окшоштугу – жылдыздын кыргызча жана башка тилдерде аталышы. Бирок чолпон деген сөз кыргызда илгертен энчилүү ат гана эмес, көбүнчөсү кыз балага, аялга карата эркелете айтылган сөз болчу. Андан тышкары, баланын чолпону деген кеп "маанайы жарык бала, жагымдуу бала" дегенди билдирет. Негизи бул маанилер асманда жылдыздар элестетчү "бийик, аруу, жарык" деген түшүнүктөргө шайкеш турат. Ал эми Венера деген ат биздин маданиятка кийин эле, совет доорунда келген. Белгилүү болгондой, бул байыркы рим кудайларынын бирине да таандык ат. Бизге ал Чолпон жылдыздын орус тилиндеги аталышы катары эмес, ошол маданий- тарыхый мазмундагы билимдин элге жайылышы менен келген деп ишеничтүү айтууга болот. Жылдыз деген энчилүү ат, ошондой эле "жылдыздуу", "жылдызы жарык" деген баа берүүчүлүк мазмундагы сөздөр Чолпонго үндөш экени айкын. Негизи бул аттар кызга берилгени менен, Жылдызбек, Чолпонбек, Чолпонкул, Чолпонбай деген эркек ысымдары жалпыга белгилүү. Кош маанилүү ысымдардан.
Кыргыздарда кеңири тараган аттардын ичинен келип чыгыш жолу эки башка айтылып, көп учурда бири- бирине шайкеш келбеген кош маанидеги аттар да кездешет. Элмира, Замир, Дамир деген аттардын мир деген мүчөсү орус тилинен алынган (тынчтык) деп жазган элек. Бул жагынан Элмира кыргыздын эл, орустун мир жана кыздардын атына кошула колчу –а мүчөсүнөн турат. Экинчи чечмелениши: Элмир(а) деген ат абийирдүү, уяттуу деген мааниге ээ. Дагы бир мааниси – белгилүү, элге таанылган деп айтылып жүрөт. Азыр кыргыздар арасында оозго алынган ушул аттуу инсан – белгилүү төкмө акын, ырчы Элмирбек Иманалиев..